Биригүү эркиндигине болгон укук
1-стандарт. Бирикмелерди түзүү жана аларга мүчө болуу эркиндиги.
Ар бир адам биригүү эркиндигине бирдей укуктуу. Тактап айтканда, бирикме түзүүнү каалаган бардык адамдар жана топтор муну мыйзам алдындагы теңдиктин негизинде жасай алуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Биригүү эркиндиги ошондой эле ар бир адамдын бирикменин ишине мүчө же жактоочу катары катышуу укугун камтыйт. Бирикме онлайн жана оффлайн режиминде, аймактык чектөөлөрсүз мүмкүн болушу керек. Биригүү эркиндигине болгон укук жеке жактарга да, юридикалык жактарга да жайылтылат.
Бирикмелер юридикалык жактар катары түзүлүшү же расмий эмес уюмдар катары иштеши мүмкүн. Ушуга байланыштуу бирикмелерди түзүү боюнча расмий талаптарга карабастан бирикмелердин түзүлүшүнүн, максаттарынын жана ишинин мыйзамдуулугунун пайдасына презумпция бар.
Юридикалык жак статусу бирикмени түзүү үчүн зарыл шарт эмес жана юридикалык жак статусун алуу жөнүндө чечим бирикменин өзүнө калтырылышы керек. Юридикалык жак статусун алуу, адатта, милдеттенме же милдеттүү талап эмес, укук катары каралышы керек.
Бирикмелер мүчөлүк тартибин жана өзүнүн ички эрежелерин эркин белгилей алышат. Ар бир адам бирикмелерге кирүү же кирбөө жөнүндө чечимди эркин кабыл алууга жана кайсы уюмга таандык болууну эркин тандап алууга укуктуу жана өз бирикмесин эркин түзүүгө укуктуу.
1.1. Мыйзам ар бир адамга, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга бирикмелерди түзүү укугуна кепилдик бериши керек
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар ким биригүү эркиндигине укуктуу . Бул ар бир адам ЖКУну түзө алат, кире же катыша алат, жеке адамдарга да, юридикалык жактарга да тиешелүү экендигин билдирет. Бул укук “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамда да белгиленген:
“Юридикалык жактар катталган жерине жана жеке адамдардын жашаган жерине же жарандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү боло алышат” .
КЭУну түзүү жана анын иш-аракети Граждандык кодекс, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам, ошондой эле “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат .
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын 2-беренеси КЭУга төмөнкүдөй аныктама берет:
“кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү өз мүчөлөрүнүн жана (же) бүткүл коомдун кызыкчылыгында жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн, алар үчүн пайда табуу иштин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми табылган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу уюм.”
Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес уюмдардын 15ке жакын ар кандай уюштуруу-укуктук формалары бар экендигине карабастан, бул мониторингдик отчетто ЖКУ таанылышы мүмкүн болгон КЭУнун эң кеңири таралган 4 формасы, атап айтканда коомдук бирикмелер, фонддор, мекемелер жана юридикалык жактардын бирикмелери жөнүндө сөз болот.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам төмөнкү аныктамаларды берет:
Коомдук бирикме болуп руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде бириккен жарандардын ыктыярдуу бирикмеси саналат. Коомдук бирикме мүчөлүк уюм, ал эми анын жогорку башкаруу органы болуп мүчөлөрдүн жалпы чогулушу саналат, ал өз кезегинде уюмдун аткаруучу органын (башкарма, дирекция ж.б.) түзөт. Коомдук бирикменин потенциалдуу чөйрөсү абдан кенен: ага айлана-чөйрөнү коргоо, майыптыгы бар адамдарды социалдык жактан колдоо, билим берүү, улуттук көйгөйлөрдү чечүү, маданият жана искусство ж.б. сыяктуу багыттар кириши мүмкүн.
Фонд – бул ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук-пайдалуу максаттарды көздөгөн мүчөлүгү жок уюм.
Фонд ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мурастын негизинде түзүлүшү мүмкүн, анда юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдардын жоболоруна ылайык түзүү жөнүндө чечим жана башка документтер камтылышы керек.
Фонддун коомдук бирикмеден негизги айырмачылыгы аны түзүү үчүн негиз болуп анын уюштуруучулары тарабынан белгилүү бир максаттарга жетүү үчүн берилген мүлктү ыктыярдуу акысыз өткөрүп берүү эсептелет, ошондой эле фонддун мүчөлүгү жок болгондуктан, мүчөлүк акылар фонддун киреше булагы боло албайт.
Мекеме болуп башкаруучулук, социалдык-маданий же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн менчик ээси тарабынан түзүлгөн жана ошол менчик ээси тарабынан толугу менен же жарым-жартылай каржыланган уюм саналат.
Мекеме ооруканалар, поликлиникалар, бала бакчалар, мектептер, университеттер жана музейлер сыяктуу КЭУлар үчүн ылайыктуу уюштуруу-укуктук формасы болушу мүмкүн.
Юридикалык жактардын бирикмеси (ассоциация же союз) болуп ага кирген уюмдардын ишин координациялоо, ошондой эле алардын жалпы кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн түзүлгөн уюм саналат.
Көптөгөн башка өлкөлөрдүн мыйзамдарынан айырмаланып, Кыргыз Республикасында катталган да, катталбаган да коммерциялык эмес уюмдар иш алып барышы мүмкүн. ЖКУ каттоосуз эркин иштей алат. Мисалы, 2020-жылы бир катар жарандык демилгелер гуманитардык жардам көрсөтүү жана COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан өлкөнүн кризисине жооп катары жарандардын аракеттерин мобилизациялоо максатында түзүлгөн. Алардын көпчүлүгү социалдык тармактарда түзүлгөн.
Бирок, юридикалык жак статусу жок болсо, мындай уюмдар, мисалы, банк эсебин ачуу, мөөр заказ кылуу жана башка функциялар сыяктуу айрым иш-аракеттерди жасай алышпайт.
КЭУнун уюштуруучулары жеке адамдар, анын ичинде жарандар, чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле ар кандай юридикалык жактар боло алышат.
Ар бир жеке адам ЖКУга кирүү жана анын ишине катышуу жөнүндө чечимди эркин кабыл алат.
Мындан тышкары, ЖКУ Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө мыйзамдарга ылайык филиалдарды түзүп, өкүлчүлүктөрдү ача алат.
2020-жылы Юстиция Министрлиги электрондук кызматты – юридикалык жактарды онлайн-каттоону ишке киргизди жана жарандарды коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында ушул электрондук кызматты колдонууга чакырган . Бул демилге биригүү укугунун жеткиликтүүлүгүнө жетишүү үчүн маанилүү кадам болду, бирок аны ишке ашыруу көйгөйлөргө дуушар болду: Юстиция министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айнура Осмоналиеванын айтымы боюнча бул кызматты колдонууда техникалык ката болууда жана кызматты иш жүзүндө жеткиликсиз кылууда.
Биригүү эркиндигине болгон укуктун маанилүү аспектилеринин бири болуп адамдардын жалпы кызыкчылыктарды биргелешип көздөө мүмкүнчүлүгү эсептелет, мында бирикменин мүчөлөрүнүн, кеңири коомчулуктун же коомдун айрым бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарын түшүнүүгө болот.
Бул мамлекет ЖКУну түзүү үчүн дээрлик тоскоолдуктарды жаратпагандыгын, ошондой эле бирикменин мүчөлөрү анын уставын, түзүмүн жана ишин эркин аныктап, мамлекеттин кийлигишүүсүз чечим кабыл алышы керектигин билдирет.
Бирок, биригүү эркиндигине болгон укук менен алектенген юрист жана изилдөөчү жана “Смарт Жаран” ассоциациясы” ЮЖБнын кызматкери Айгерим Шадманали кызынын айтымында тоскоолдуктар бар, тактап айтканда каттоо учурунда. Изилдөөнү ишке ашырууда каттоочу орган коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга башка документтер менен катар Уставды бериши керек деген мыйзамдын ченемине таянгандыгы аныкталган, каттоочу орган Уставдын мазмунун кылдат текшерет, берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер аныкталгандыгына таянуу менен каттоодон баш тартуу укугун кыянаттык менен пайдаланат. Алсак, иш жүзүндө уюмдун Уставын өздөштүрүлүп чыккандан кийин ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүнө каттоого уруксат берилбеген учурлар болгон.
Мындай аракеттер демократиялык коомдун негиздерине каршы келет: “уюштуруучулардын көз караштары белгилүү бир коомдогу негизги салттуу топтордун көз карашына карама-каршы келгендиктен уюмду түзүүгө тыюу салуу учурлары акталбайт”. Бул практика ошондой эле Конституцияны жана “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды баяндоодо биригүү укугуна түздөн-түз карама-каршы келет, бул максаты жана миссиясы демократиялык баалуулуктарды илгерилетүү, маргиналдашкан топтордун укуктарын коргоо болгон уюмдарды каттоо үчүн жагымсыз шарттарды түзөт жана ЖКУга цензураны киргизүү менен жарандык мейкиндикти кууш кылат.
Бирикменин мүчөлөрү анын уставын, түзүмүн жана ишин эркин аныктап, мамлекеттин кийлигишүүсүз чечим кабыл алышы керек.
1.2. Мыйзам каттоосуз же юридикалык статусу жок бирикмелердин ишине тыюу же сакцияларды салууга жол бербеши керек
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинде “коомдук бирикмелер, фонддор жана мекемелер түрүндө юридикалык жакты түзүү менен же түзбөстөн” ЖКУну түзүү укугун берет. Катталбаган КЭУга санкция колдонулбайт, бирок мындай уюмдар катталган жана юридикалык жак статусу бар КЭУлар ээ болгон бир катар ыйгарым укуктарга ээ эмес экендигин белгилей кетүү маанилүү:
– менчикте обочолонгон мүлккө ээ болуу укугу;
– башка мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алуу жана жүзөгө ашыруу укугу (мүлк сатып алуу, уюмга патент алуу, келишимдерди түзүү);
– уюмдун мөөрүн жасоо жана ээ болуу, банктарда алыш-бериш эсептерге ээ болуу укугу;
– сотто доогер же жоопкер катары кызыкчылыктарды билдирүү укугу;
– уюмга мүлктү тариздөө укугу – ал уюштуруучуларга таандык.
Жогоруда белгиленген чектөөлөргө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КЭОну каттоо милдет эмес, укук болуп саналат.
1.3. Мыйзам бирикменин иш-аракеттерине жана онлайн режиминдеги иш-аракеттерге аймактык чектөөлөрдү белгилебеши керек
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аймактык белгилер боюнча ЖКУнун ишин чектебейт жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө филиалдарды ачуу укугун берет. Укуктук жөнгө салууда онлайн ишмердиктин аныктамасынын жоктугун белгилей кетүү зарыл, бирок практика иштин бул түрү үчүн санкциянын жоктугун көрсөтүүдө. Атап айтканда, уюмдар өз ишин онлайн режиминде жүргүзгөн COVID-19 пандемия мезгилин белгилөөгө болот. Ошондой эле, онлайн-митингдерди өткөргөн катталбаган “Тажадым” демилгеси түзүлгөн.
2-cтандарт. Иштин максаттарын жана түрлөрүн, анын ичинде иштин мазмунун аныктоо эркиндиги.
Биригүү эркиндигине болгон укуктун маанилүү аспектилеринин бири болуп адамдардын жалпы кызыкчылыктарды биргелешип көздөө мүмкүнчүлүгү эсептелет, мында бирикменин мүчөлөрүнүн, кеңири коомчулуктун же коомдун айрым бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарын түшүнүүгө болот. Бирикменин уюштуруучулары жана мүчөлөрү өз максаттарын жана милдеттерин эркин аныктоого укуктуу болушу керек. Бирикмелер коомдук көйгөйлөрдү чечүүнүн ар кандай көз караштарын жана варианттарын сунуштоого, ошондой эле мамлекеттин же үчүнчү жактардын мыйзамсыз кийлигишүүсүз өз милдеттерин чечүүдө эркин болушу керек. Бирок, бул максаттар жана милдеттер демократиялык коомдун талаптарына жооп бериши керек.
2.1. Мыйзам бирикмелерге өз максаттарын жана милдеттерин өз алдынча аныктоого жана мыйзамдуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүндүк бериши керек
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мыйзамда каралгандан башка учурларда мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Мамлекеттик органдардын КЭУнун документтерин текшерүү жана сурап алуу боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Бирок “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамда КЭУнун 4 уюштуруу-укуктук формасынан (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден башка фонддор, КУ, ЮЖБ жана мекемелер) кошумча финансылык отчеттуулук каралган. Бул ченем ЕККУ/ДИАУБ жана Венеция комиссиясы тарабынан иштелип чыккан бирикмелердин эркиндиги боюнча 5 жетектөөчү принциптин принцибин бузат, “бирдей кайрылуу жана басмырлабоо” принцибин аныктаган нерсе – КЭУдан башка юридикалык жактардан (мисалы, коммерциялык ишканалардан) талап кылынгандан көп отчетторду жана маалыматтарды берүү боюнча талаптарга жол бербөө. Бул учурда коммерциялык уюмдардан Устав жана кошумча финансылык отчеттуулук талап кылынбагандыктан, каттоо жана кошумча отчеттуулук учурунда Уставды берүү жөнүндө талаптар жогоруда көрсөтүлгөн принципти бузат.
Жалпы эреже боюнча КЭУ анын уставында тыюу салынбаган ар кандай иш-аракеттерди жасай алат. Бирок, иш-аракет үчүн айрым укуктук тоскоолдуктар бар. Мисалы, кайрымдуулук уюмдары жана коомдук бирикмелер чарбалык иш-аракеттерди жүргүзө алышпайт, эгерде бул иш-аракет алардын мыйзамдуу максаттарына жооп бербесе.
2.2. Мыйзам өз ишин мамлекеттик саясат менен координациялоо боюнча милдеттенмелерди жүктөбөшү керек..
Мамлекеттин КЭУнун ички башкаруусуна кийлигишүүгө укугу жок жана мыйзам иш-аракетти алдын-ала жактырууну талап кылбайт, ошондой эле өз ишин мамлекеттик саясат менен координациялоо талабы жок.
Иш жүзүндө айрым КЭУлар каттоочу орган “Юридикалык жактарды каттоо жөнүндө” мыйзамдын 21-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзамдын жоболоруна, атап айтканда “чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын финансы-кредиттик мекемелеринин, коммерциялык эмес уюмдарынын жана филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) берилген документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегендигине” таянуу менен ЖКУну каттоодон баш тартуу укугун кыянаттык менен пайдалангандыгын белгилешет. Айрыкча, мындай кыянаттык көбүнчө демократиялык баалуулуктарды жайылтуучу, маргиналдашкан топтордун укуктарын коргогон уюмдарга карата колдонулат.
Ошондой эле, мамлекеттик органдар ЖКУдан айрым окуяларды чагылдырбоону суранып жаткан учурларды белгилеп кетүү керек: мисалы, Кыргызстан “бейтарап” саясатты кармангандыктан Украинага ачык колдоо көрсөтпөө өтүнүчтөрү белгиленди. Коомчулуктун ЛГБТ укуктарын коргоо жана жамааттын “салттуу баалуулуктары” деген шылтоо менен аялдардын укугун коргоо боюнча иш-аракеттерге тоскоолдуктар бар. Мындай чектөөлөр мыйзам менен шартталган эмес жана көбүнчө жашырын өтүнүчтөр же ЖКУга психологиялык кысым менен көрсөтүлөт.
3 стандарт. Натыйжалуу каттоо процедурасынын негизинде юридикалык жак статусун алуу укугу.
Бирикменин юридикалык жактын статусун алуусу – бирикмеге укуктук субъективдүүлүктү алуу үчүн зарыл шарт, бул ага өз атынан келишим түзүүгө, сатып алынуучу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө, активдерге жана мүлккө ээ болууга, ошондой эле бирикменин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, анын ичинде бирикменин максаттарына жетүү үчүн мааниге ээ боло турган сот процесстеринин жүрүшүндө сотко кайрылууга мүмкүндүк берет. Бирок, юридикалык жактын статусун алууну каалаган бирикмелерди каттоо процедурасы убара кылуучу болбошу керек жана берилүүгө тийиш болгон документтердин татаал тизмегинин болушу же арызды кароонун узак процедурасы же каттоого тоскоолдук кылган уюштуруучулардын “түйшүктүү” санынын болушу жөнүндө талап же каттоо үчүн жогорку акыны белгилөө сыяктуу жогорку каттоо тоскоолдуктары болбошу керек. Эл аралык стандарттарга ылайык ЖКУнун уюштуруучуларынын минималдуу санына карата талап эки жеке же юридикалык жактан ашпашы керек жана фонддор бир уюштуруучу тарабынан негизделиши мүмкүн.
Каттоо процедураларына карата мындай талаптар ЖКУнун ишин ыктыярдуу токтотуу процедураларына да тиешелүү, алар коммерциялык уюмдарга салыштырмалуу кымбат жана түйшүктүү болбошу керек.
Каттоочу мамлекеттик орган көз карандысыз жана калыс иш алып барууга жана каттоо жөнүндө арыздын мыйзамдуулугун карашы керек. Каттоодон баш тартууга эл аралык стандарттарга ылайык негиздердин чектелген тизмеси боюнча гана жол берилет. Мыйзам каттоочу мамлекеттик орган үчүн бирикмени каттоодон баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүп берүү зарылдыгын так карашы керек. “Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесине ылайык каттоодон баш тартуу мыйзамдын ченемине милдеттүү шилтеме берүү менен мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча гана мүмкүн болот. Документтердин КР мыйзамдарына ылайык келбегендиги негиздердин бири болуп саналат, бирок бул негиз финансы-кредиттик мекемелерге, КЭУга, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдарга гана тиешелүү, бул да бирдей мамиле кылуу жана басмырлабоо принцибин бузат.
3.1. Каттоо процедуралары мыйзамда так жазылышы керек, алар жөнөкөй жана жеткиликтүү болушу керек. Каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси так жазылышы керек жана мүмкүн болушунча кыска жана толук болушу керек.
Каттоо процедурасы төмөнкү 3 этаптан турат:
(1) уюштуруу документтерин даярдоо жана башкаруу органдарын түзүү;
(2) Юстиция министрлигинде “бирдиктүү терезе” системасында каттоо, ал салык органдарына, статистика органдарына жана башка мамлекеттик органдарга каттоо жөнүндө кабарлайт жана арыз ээси үчүн керектүү каттоо номерлерин алат;
(3) банк эсебин ачуу жана мөөрдү заказ кылуу (милдеттүү эмес, бирок уюм өз атынан олуттуу иш жүргүзүүнү көздөсө анда зарыл).
Каттоо жөнүндө арыз берилгенден кийин министрлик уюштуруу документтеринин Жарандык кодекстин, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндө мыйзамдын жана КЭУнун ишин жөнгө салуучу башка мыйзамдардын талаптарына шайкештигин текшерет. 10 күндөн кийин, эгерде өтүнмө четке кагылбаса, Министрлик Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берет жана КЭУ Юстиция министрлигинде, салык кызматында жана Социалдык фонддо расмий түрдө катталат.
Каттоо акысы 507 сомду түзөт.
Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет :
– каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызы;
– коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечим;
– коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси кол койгон устав эки нускада;
– аты-жөнүн, туулган жылын, шайлануучу кызматын көрсөтүү менен коммерциялык эмес уюмдун жетекчи органдарынын мүчөлөрүнүн тизмеси;
– аты-жөнүн, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен коммерциялык эмес уюмду түзүүнүн уюштуруучуларынын тизмеси.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучулары жеке адамдар болгон учурларда уюштуруучулардын тизмесинде уюштуруучулардын аты-жөнү, туулган жылы жана дареги көрсөтүлөт. Тизмеге уюштуруучулар кол коюшат, ушуну менен бирге уюштуруучулардын колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу юридикалык жак болгон учурда уюштуруучулардын тизмесинде ар бир юридикалык жактын аталышы жана катталган (кайра катталган) датасы көрсөтүлөт. Жогоруда аталган тизмедеги юридикалык жактын жетекчисинин колу юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, коммерциялык эмес уюмду түзүү, Уставды бекитүү жана коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коет, алардын кол тамгалары нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир жеке адам болгон учурда жогоруда көрсөтүлгөн чечимге ушул уюштуруучу кол коет жана анын колу нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир юридикалык жак болгон учурда жогоруда көрсөтүлгөн чечимге уюштуруучу- юридикалык жактын жетекчисинин колу коюлат жана анын колу юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат же нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмдун уставында төмөнкүлөр аныкталыш керек :
– уюмдун аталышы жана кыскартылган аталышы, юридикалык дареги;
– иштин предмети жана максаты, ишти башкаруу тартиби;
– башкаруу жана көзөмөлдөө органдары, текшерүү органдары, алардын компетенциясы, шайлоонун, чакыртып алуунун тартиби, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
– уюмдун мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун укуктары жана милдеттери, шарттары жана тартиби (коомдук бирикме үчүн);
– уюмдун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби;
– жоюлган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби;
– фонддор жана мекемелер үчүн – уюмдан жардам алган адамдардын чөйрөсү чектелбеген учурларды кошпогондо, уюмдан жардам алган адамдардын чөйрөсү;
– уюмдун ишинин мөөнөтү, эгерде бул каралса.
Уставда ушул мыйзамга карама-каршы келбеген башка жоболор да камтылышы мүмкүн. Эгерде уставдын жобосу ушул мыйзамдын жоболоруна каршы келсе, анда мыйзамдын жоболору колдонулат.
Уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын жогорку башкаруу органынын чечими боюнча киргизилет.
КЭУну каттоо үчүн уставдык капиталга талап жок.
Каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси так жазылган жана толук болуп саналат. Мындан тышкары, каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин тизмеси белгиленген. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим мыйзам ченемине милдеттүү шилтеме берүү менен баш тартуунун негиздерин камтууга тийиш деген талап каралган.
3.2. Мыйзам каттоодон баш тартуунун так укуктук негиздемесин камтышы керек, анын ичинде адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык келген баш тартуу үчүн жол берилген негиздердин чектелген саны так көрсөтүлүшү керек.
Эгерде берилген маалымат туура эмес болсо же колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келсе, ошондой эле мамлекеттик реестрде катталган (кайра катталган) юридикалык жак, ушундай аталыштагы филиал (өкүлчүлүк) болсо, министрлик каттоодон баш тартышы мүмкүн .
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүнүн максатка ылайыксыз себептери боюнча каттоодон баш тартууга жол берилбейт .
Каттоочу орган КЭУнун уставын кылдаттык менен текшерет (Уставды тапшырбаган коммерциялык уюмдарга салыштырмалуу).
Мындан тышкары, юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамда каттоодон баш тартуунун негиздеринин арасында “берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктерди же дал келбестиктерди аныктоо” каралган. Каттоочу орган арыз ээсине тиешелүү түрдө кабарлоого жана техникалык кемчиликтерди четтетүү үчүн ага ылайыктуу мөөнөттү бериш керек. Мындай учурда каттоодон баш тартуу жүргүзүлбөйт. Бирок, иш жүзүндө, берилген документтердеги так эместиктер / дал келбестиктер көбүнчө каттоодон баш тартууга алып келет.
Бирок арыз ээси каттоодон баш тартуу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин каттоочу органга кайра кайрыла алат .
Бирикмелер эркиндигине болгон укукту укуктук жөнгө салууну талдоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары КЭУга карата басмырлоочу мамилени колдоноорун эске алуу керек. Атап айтканда, КЭУлар каттоо учурунда коммерциялык уюмдарга караганда көбүрөөк документтерди бере тургандыгын белгилей кетүү керек, КЭУну каттоо мөөнөтү 10 календардык күндү түзөт, ал эми коммерциялык уюмдар үчүн мөөнөт 3 жумушчу күндү түзөт, коммерциялык эмес уюмдар үчүн каттоодон баш тартуу үчүн негиздер коммерциялык уюмдарга караганда көбүрөөк. Бул фактылар бирикмелер эркиндигине болгон укукту ишке ашырууда мыйзамдарга жана саясаттарга карата бирдей мамиле жасоонун жана басмырлабоонун эл аралык принцибин бузат.
4 стандарт. Жол берилген чектөөлөр, алардын мыйзамдуулугу жана шайкештиги.
Жол берилген чектөөлөрдү коюу катуу шарттарга жооп бериши керек жана бул чектөөлөрдүн бири да бирикмелер эркиндигине болгон укукту толугу менен жокко чыгарбашы керек. Мындай чектөө дайыма мыйзам тарабынан белгилениши керек, мыйзамдуу максатка ээ жана демократиялык коомдо зарыл болушу керек, ошондой эле шайкештүү жана басмырланбоого тийиш. Мыйзамсыз максат же иш-аракет деп эсептелген нерсени талдоо жана баалоо адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзүлүшү керек.
ЖСУЭПге ылайык, бирикмелер эркиндигине болгон укуктарды чектөө:
– улуттук жана коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгында;
– баш аламандыктын же кылмыштын алдын алуу;
– ден соолукту жана адеп-ахлакты коргоо үчүн;
– же башкалардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн.
Мыйзам так аныкталган санкциялардын тизмесин бериши керек, санкциялар шайкештүү болушу керек жана ЖКУ аларга кандай мыйзам бузуулар алып келиши мүмкүн экендигин билиши керек. Санкциялар жөнүндө чечим кабыл алууда бийлик биригүү эркиндигин эң аз бузган чараларды тандап алууга аракет кылууга тийиш.
ЖКУ үчүн ар кандай санкциялар колдонулганга чейин ар кандай мыйзам бузууларды оңдоого мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ушуга байланыштуу, эгерде жагдайлар уруксат берсе, санкцияларды колдонууга чейин эреже бузуу кандайча оңдолушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматты камтыган эскертүү берилиши керек. Бул учурда ЖКУга укук бузууларды оңдоо үчүн жетиштүү убакыт берилүүгө тийиш.
Санкциялар колдонулган учурда бийлик шайкештик принципти сакташы керек. Бирикменин ишин иш жүзүндө токтото туруу, тыюу салуу же таркатуу болгон санкциялар өзгөчө кырдаалдарда колдонушу керек. Аларды мамлекеттин же айрым топтордун коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирген же негизги демократиялык принциптерди бузган учурларда гана колдонуу керек. Ушуга байланыштуу ар кандай чектөөлөр мыйзамдуу максатты көздөп жаткандыгын далилдөө түйшүгү мамлекетке жүктөлүшү керек, ага азыраак кийлигишүү менен жетишүү мүмкүн эмес.
4.1. Мыйзамда ЖКУга кандай санкциялар колдонулушу мүмкүн жана кандай мыйзам бузуулар үчүн так жазылышы керек. Санкциялар мыйзам бузууларга шайкеш келиши керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен гана чектелиши мүмкүн. Киргизилген чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга шайкеш келиши керек.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам мындай түшүнүктөрдү киргизген, ага ылайык, акысыз негизде берилген акча жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн КЭУлар өткөн жыл үчүн акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматты, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылуучу мүлк жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын жайгаштырышы керек. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 14-беренеси, Салык органы жана/же Социалдык фонддун органы үзгүлтүксүз эки жылдын ичинде салык органдарына жана/же социалдык фонддун органдарына ай сайын отчет бербеген учурда юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Бул ченемдер 2021-жылы киргизилгендиктен, отчет жазылып жаткан учурда сот практикасы жок болчу.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул мыйзам ЖКУну жана анын ишин мамлекеттин менчиги болуп калган жана өзүнчө механизмдер менен жөнгө салынган өзүнчө, отчеттуу топко бөлөт. Демократиялык коомдо санкциялар мыйзам бузууларга шайкеш келиши керек. Мыйзамда ЖКУга сөзсүз тыюу салуу же таркатуу каралган жоболор камтылбашы керек. Иш-аракеттерге тыюу салуу же жоюу акыркы чара катары гана колдонулушу керек. Сот практикасынын жоктугунан улам, бул чара канчалык талашсыз колдонуларын баалоо мүмкүн эмес, бирок ал де-факто цензурасынын жана ЖКУну таркатуу жана мажбурлап жоюу менен коркутуунун прецедентин түзүү мүмкүнчүлүгүнө алып келиши мүмкүн.
4.2. Мыйзамда ЖКУга сөзсүз тыюу салуу же таркатуу каралган жоболор камтылбашы керек.
Жогоруда баяндалгандай, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамда “алар салык органына отчет бербеген учурда” юридикалык жактарды мажбурлап жоюу каралган. Юридикалык жактардын ишин токтотуу процедурасынын тартибине ылайык Салык органы жана/же Социалдык фонддун органы “алар тарабынан салык органына жана (же) социалдык фонддун органына үзгүлтүксүз эки жылдын ичинде ай сайын отчет берилбеген учурда” ЖКУну мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Бул мыйзам мамлекетке ЖКУну мажбурлап жоюу укугун берүү менен адам укуктарынын эл аралык стандарттарынын талаптарын чагылдырбайт.
Отчет жазылып жаткан учурда ЖКУну мажбурлап жоюунун бир дагы учуру катталган эмес, ошондуктан бул ченем соттордо канчалык талашсыз жана сөзсүз колдонула тургандыгын же аны колдонуу канчалык универсалдуу болорун баалоо мүмкүн эмес. Бирок, ЖКУну таркатууну караган жоболор Кыргызстандагы жарандык мейкиндикти тынчсыздандырган башка пикирлерди жоюу үчүн тандалма колдонуу коркунучун туудурарын белгилей кетүү керек.
5 стандарт. Укук бузулган учурда натыйжалуу укук коргоочу каражаттарга укук.
Мамлекет ЖКУнун жана алардын мүчөлөрүнүн укуктарын ишке ашырууга кийлигишпеши керек. Бул мамлекетке мыйзамдарды кабыл алуу жана бирикмелердин эркиндик укугун мамлекет тарабынан да, мамлекеттик эмес субъекттер тарабынан да кийлигишүүдөн коргоого багытталган практикалык чараларды ишке ашыруу милдети жүктөлгөнүн билдирет. Мамлекет бул укукка улуттук мыйзамдарда жана иш жүзүндө кепилдик бере албаса, жооп берет.
ЖКУ өз укуктарын жүзөгө ашырууга тиешелүү чечимдерди, анын ичинде бийликтин укуктарына таасир эткен ар кандай аракеттерге же аракетсиздиктерге каршы сотко кайрылуу же даттануу укугун талашуу же кайра карап чыгуу жана аларды соттук кароого жетишүү үчүн натыйжалуу укук коргонуу каражаттарга ээ болушу керек. Укуктарды жана натыйжалуу укук коргоонуу каражаттарын камсыз кылуу үчүн сот процесстери, анын ичинде апелляция жана чечимдерди кайра карап чыгуу адилеттүү сот процесстеринин стандарттарына жооп бериши керек. Процедуралар так жана көп чыгымдарды талап кылбашы керек. Укук коргоонуу каражаттары өз убагында болушу керек жана моралдык жана мүлктүк зыяндын ордун толтурууну камтып жетиштүү ордун толтурууну камтышы керек.
5.1. Мыйзам мамлекетке ЖКУнун укуктарын коргоо милдетин жүктөшү керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекетке ЖКУ укуктарын коргоо милдетин жүктөгөн негизги мыйзам булагы болуп саналат.
Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык, унитардык, укуктук, дин аралашпаган жана социалдык мамлекет болуп саналат , ал жалпы таанылган адам укуктарын жана эркиндиктерин тааныйт жана коргойт.
Демек, ар бир адам же ЖКУ коргоого укуктуу. Укук бузулган учурда ЖКУ натыйжалуу укуктук коргонуу каражаттарына, атап айтканда акылга сыярлык мөөнөттө сот тарабынан адилеттүү кароого укуктуу.
5.2. Мыйзам ЖКУ натыйжалуу укук коргонуу каражаттарга кепилдик бериши керек.
Бул мониторинг отчеттун 1.1 жана 1.2. пункттарында көрсөтүлгөндөй, эгерде берилген маалымат туура эмес болсо же колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келсе Юстиция министрлиги каттоодон баш тартышы мүмкүн, бирок арыз ээси баш тартууну министрликке же сотко даттанууга укуктуу.
КР Жарандык кодексинин 86-беренесинде мамлекеттик каттоодон баш тартуу, ошондой эле мындай каттоодон баш тартуу сот тартибинде даттанылышы мүмкүн деп айтылат.
ЖКУ үчүн натыйжалуу укуктук коргоонуу каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн баалоодо жана мамлекеттик коргоону ишке ашырбоого тиешелүү апелляция жана/же даттануулар боюнча чечимдерде компетенттүү органдардын жана соттордун калыстыгын жана мөөнөттөрүнүн акылга сыярлык экендигин аныктоодо отчеттун авторлору тарабынан түздөн-түз сот органдары менен туш болгон адвокаттарга суроо-талап жөнөтүлгөн – “Прецедент өнөктөштүк тобу” КФ жана “Юристтер бирдей укуктар үчүн” КФ. “Юристтер бирдей укуктар үчүн” КФнан Айгерим Шадманали кызы процесстик мөөнөттөр, эреже катары, соттор тарабынан сакталаарын белгиледи. Бирок, калыстык жөнүндө айтуу кыйын.
Ильяна Жедигерованын “Прецедент өнөктөштүк тобу” КФ маегинин жыйынтыгы Айгеримдин сөздөрүн тастыктайт:
“ЖКУну натыйжалуу коргоо жөнүндө айтуу кыйын. Мисалы, мыйзам долбоорлору мыйзам бузуулар менен кабыл алынганда (ишеним кат боюнча добуш берип, коомдук талкуунун мөөнөттөрүн бузганда, депутат жок болгондо башка депутат добуш бергенде ж.б.), биз КР Жогорку Кеңешинин, айрым депутаттардын, комитеттердин аракеттерине/чечимдерине/токтомдоруна даттанганбыз, анда сот органдары административдик доолорду кабыл алуудан баш тартышты.
Мындан тышкары, согушка каршы митинг жана активисттерди кармоо (Ошурахунов Д.М., Ондуруш Токтонасыров, Азиз Абдирасулов) жана Н.А. Токтакуновду “судья эч ким” деген сөздөр үчүн кармоо, ошондой эле болот Темировду кармоо, алардын сот органдарындагы процесстери учурда ЖКУга кысым болуп жаткандыгын билдирет. Башка активисттерди/ММК өкүлдөрүн кармоо боюнча дагы учурлар бар”.
Эксперттер менен болгон интервьюнун натыйжасында ЖКУнун укуктарын коргоонун жолдору бар болгондугуна карабастан, ЖКУга жана активисттерге карата калыс эмес мамиле бар экени келип чыкты.
Мындай риториканы коомдогу ЖКУну жаманатты кылууга багытталган коомдук дискурс тастыктайт. КР мыйзамдары ЖКУга чет өлкөлүк финансылык колдоо алууга тыюу салбайт, бирок Жогорку Кеңешке чет өлкөлүк каржылоону алуучу уюмдардын (“Чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам” деп аталган) ишин чектеген мыйзам долбоорлору бир нече жолу киргизилген. Бул мыйзам долбоорлору ЖКУлардын аракети менен четке кагылган, бирок мындай мыйзам долбоорлорунун киргизилиши мамлекеттик органдардын ЖКУнун каражаттарынын натыйжалуулугун чектөөгө кызыкдар экендигин жана бир жактуу мамилени көрсөтүп турат.
Мисалы, депутат Надира Нарматова 2022-жылдын февралында чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышын жактады. “Бул мыйзамды көтөрүү жана Комитетте экинчи окууда кайрадан карап чыгуу үчүн протоколдук тапшырма берүүнү өтүнөм. Эгерде өлкөнүн тынчтыгына тамыр жайгандар болсо, анда алар бул документти кайрадан иштеп чыгууга кошула алышат. Биз аларга чет элдик агент статусун бергенге чейин, республикада тынчтык болбойт. Чет өлкөдөн каржыланган бир нече ӨЭУ бийликтерге тынчтык бербей жатат, алар өздөрү бийликке келүүнү каалашат” , — деп айтты Надира Нарматова.
Сунуштар
1. “Чет өлкөлүк агенттер” жөнүндө дискриминациялык мыйзам долбоорун кайрадан демилгелөөдөн баш тартуу;
2. Алардын ишин жөнгө салуу боюнча ар кандай жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууда ЖКУ менен тыгыз кеңешүү жана кызматташуу. Мындай мыйзамдардын Кыргызстандын ЖСУЭП боюнча милдеттенмелерине ылайык келишин камсыз кылуу.
3. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинде ЖКУну мажбурлап жоюуну караган мыйзамдын ченемин алып салуу;
4. КЭУ онлайн каттоо тартибин оптималдаштыруу. Юридикалык жакты каттоо (жарандарга жана юридикалык жактарга маалымат берүү) максатына жетүү үчүн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жана кайра каттоо жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтына бардык маалыматтарды жайгаштыруу менен берүү тартибин автоматташтырууну сунуштайбыз.
5. КЭУ каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана коммерциялык уюмдарды каттоо жол-жоболоруна ылайык келтирүү үчүн ЧУАга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:
КЭУну каттоо мөөнөтүн коммерциялык уюмдарды каттоо мөөнөтүнө ылайык келтирүү (3 жумушчу күн);
КЭОун уставын каттоо учурунда зарыл болгон документтердин тизмесинен алып салуу;
“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин 8-пунктунда жана 11-беренесинин 4-пунктунда коммерциялык эмес уюмдардан уюштуруу документтерин берүү жөнүндө талаптарды алып салуу;
“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 11-беренесинин 5-пунктунан мыйзамдарга ылайык келишин каттоочу органдын коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилген документтердин мазмунун текшерүү милдетин алып салуу, ошондой эле, берилген документтердин мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбөө бөлүгүндөгү баш тартуунун негиздеринен коммерциялык эмес уюмдар алынып салынсын (21-берененин 2-бөлүгү). Ушундай эле талаптар коммерциялык эмес уюмдарга филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү кайра каттоодо жана каттоодо коюлат (мыйзамдын 12-беренесинин 1, 3 жана 8-бөлүктөрү; мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгү) жогоруда баяндалгандардан улам көрсөтүлгөн талаптарды ушул ченемдерден алып салууну сунуштайбыз.
6. Камил Рузиевдин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен адам укуктарынын бузулушуна карата даттануусун кылдаттык жана калыстык менен карап чыгып, иликтөө жана укук бузууларга күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу;
7. Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн жагдайларын натыйжалуу, көз карандысыз жана калыс иликтөөнү жүргүзүү жана ага маанилүү медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү бербегендиги үчүн күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу; анын иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине ылайык, түрмөдө жабыркаган укуктарын бузгандыгы үчүн анын үй-бүлөсүнө компенсация берүү; жана өлгөндөн кийин анын укуктук реабилитациясын камсыз кылуу.