Негизги сунуштар
Биригүү эркиндигине болгон укук:
1. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинде ЖКУну мажбурлап жоюуну караган ченемди алып салуу;
2. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдын 21-бөлүгүнүн 2-беренесиндеги анча маанилүү эмес каталардын же стандарттуу эмес формулировкалардын айынан ЖКУну каттоодон баш тартуу мүмкүнчүлүгүн алып салуу.
Тынч чогулуу эркиндигине болгон укук:
1. Тынч чогулуштарды өткөрүүгө кеңири жана автоматтык тыюу салуу практикасын, атап айтканда Бишкек шаарынын борборунда тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча соттун учурдагы чечимин жокко чыгаруу;
2. “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин 7-бөлүгүнүн көрсөтмөлөрүн иш жүзүндө сактоо жана тынч чогулуштардын катышуучуларын жана алардын мүлкүн коргоону камсыз кылуу;
3. Тынч чогулуш укугуна негизсиз кийлигишүүнү жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесин кайра карап чыгуу.
Сөз эркиндигине жана маалыматты жайылтууга болгон укук:
1. Ввести меру ответственности должностных лиц государственных органов и ОМСУ за цензуру, давление на журналистов, незаконное изъятие материалов и техники, угрозы, посягательство на жизнь и здоровье журналиста в Кодекс о правонарушениях КР;
2. Строить недискриминационное взаимодействие со СМИ, укрепляя плодотворное сотрудничество как с “лояльными” СМИ, так и с “инакомыслящими”, не распространяя негативную риторику.
Чечимдерди кабыл алууга катышуу укугу:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга жарандардын жергиликтүү маанидеги жетекчилерди тандоого жана аларды кызмат ордунан бошотууга таасирин күчөтүү, атап айтканда жарандардын чечим кабыл алуу процессине туруктуу катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Каржылоого эркин жетүү укугу:
1. ЖКУ үчүн мамлекеттик каржылоонун жеткиликтүүлүгүнүн бирдей шарттарын жана мындай каржылоону алуу үчүн конкурстук процесстин ачык-айкын болушун камсыз кылуу;
2. Ар кандай булактардан, анын ичинде социалдык ишкердик аркылуу ЖКУ каржылоого ээ болуу үчүн шарттарды түзүү.
Жеке жашоого кол тийбестик укугу:
1. Укук коргоо органдарынын жана адамдардын жеке жашоосуна кийлигишкен коопсуздук органдарынын укуктарын олуттуу түрдө кеңейткен мыйзамдарды кабыл алуудан алыс болуу;
2. “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө”, “Контрчалгындоо иши жөнүндө”, “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо иши боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдардын укук коргоо органдарына жана УКМКга соттун уруксатысыз видео байкоо жүргүзүүгө жана тыңшоого укук берүүчү ченемдерин жоюу;
3. Жеке мүнөздөгү маалыматтарды укук коргоо органдары тараткан фактыларды иликтөө үчүн прокуратура органдарынын көзөмөлүн күчөтүү.