Уюштуруучулук-укуктук түрүн өзгөртүү үчүн иштеп жаткан юридикалык
жакты өзгөртүп түзүү түрүндө кайра уюштуруу зарыл. Кыргыз
Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 16-
беренесине ылайык коммерциялык эмес уюмдар Жарандык кодексте жана
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте
кайра уюшулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 93-беренесинин 5-
бөлүгүнө ылайык, юридикалык жакты өзгөртүп түзгөндө (уюштуруучулук-
укуктук түрүн өзгөрткөндө) жаңы пайда болгон юридикалык жакка кайра
уюшулган юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү
актысына ылайык өтөт. Өткөрүп берүү актысы кайра түзүлгөн юридикалык
жактын бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата бардык
милдеттенмелери боюнча укуктардын өтүшү, анын ичинде тараптар талашып
жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүсү тууралу жоболорду
камтууга тийиш. Ал юридикалык жактын уюштуруучулары
(катышуучулары) же юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө чечим
кабыл алган орган тарабынан бекитилет. Андан кийин өткөрүп берүү актысы
кайра каттоодон өткөндө каттоочу органга берилет, анын жоктугу кайра
каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат (КР ЖК 94-берене).
Юридикалык жак өзгөртүп түзүү түрүндө кайра уюшулган учурда
мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүү зарыл. Кайра уюштуруу
жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн
ичинде юридикалык жак каттоочу органга тиешелүү документтерди берүүгө
милдеттүү («Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)
мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдын 12-беренеси). Кыргыз
Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесине ылайык кайра
уюштуруу жөнүндө чечимди юридикалык жактын уюштуруучулары
(катышуучулары) же юридикалык жактын уюштуруу документтеринде
(уставында) ыйгарым укук берилген органы кабыл алышы мүмкүн.
Уюштуруучулук-укуктук түрү өзгөргөн учурда юридикалык жакты кайра
каттоо үчүн зарыл болгон документтер:
– белгиленген формадагы каттоо арызы;
– мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечим (жыйындын протоколу);
– мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы;
– уюштуруу документтеринин түп нускалары;
– жаңы редакциядагы же өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен 2
нускадагы уюштуруу документтери;
– өткөрүп берүү актысы;
– паспорттордун көчүрмөлөрү тиркелген уюштуруучулардын тизмеси.
Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик кайра каттоонун мөөнөтү 10
календардык күндү түзөт.
Ооба, эгерде Уставда жана башка жоболордо мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө
милдети жок болсо, мүчөлүк уюмдун мүчөлөрү мүчөлүк төгүмдөрдү
төлөйбөй койсо болот. Эгерде уставда же башка жоболордо каралбаса,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө
милдеттендирүүчү ченем жок. Мүчөлүк төгүмдөрдү белгилөө КЭУнун
милдети эмес, укугу болуп саналат. Ошондой эле, коммерциялык уюмдардан
айырмаланып уставдык капиталды түзүү боюнча талап жок. Коммерциялык
эмес уюмдар каржылоо булактарынын негизинде түзүлөт жана иштешет.
Коммерциялык эмес уюмдардын ишин каржылоонун негизги булактары
болуп төмөнкүлөр саналат:
– мүчө уюмдар үчүн кирүү жана мүчөлүк төгүмдөр;
– уюштуруучулардын төгүмдөрү;
– жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү жана
кайрымдуулуктары;
– жеке жана юридикалык жактардан (анын ичинде чет өлкөлүктөрдөн)
максаттуу түшкөн каражаттар, ошондой эле гранттар;
– алар түзүлгөн максаттарга карама-каршы келбеген /ылайыктуу
ишкердик;
– жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы
келбегендер.
Коммерциялык эмес уюм өзүнүн ишин каржылоонун негизги булактарын
өзү аныктоого укуктуу. Эгерде уюм мүчөлүк төгүмдөрдү алып салуу
чечимин кабыл алган болсо, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
буга тыюу салбайт.
Бирок, эгерде Сиздин уюмдун Уставында мүчөлүк төгүмдөрдү милдеттүү
төлөө жөнүндө жобо камтылган болсо, анда бардык мүчөлөр төлөөгө
милдеттүү, анткени Уставдын талаптары уюмдун өзү, анын уюштуруучулары
жана мүчөлөрү тарабынан аткарылууга милдеттүү («Коммерциялык эмес
уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 10-беренеси). Кирүү жана мүчөлүк төгүмдөр
менен ашыкча ишти создуктурбоо үчүн, мүчөлүк уюмдарга Уставда
«Мүчөлүккө кабыл алуунун, ошондой эле андан чыгуунун шарттары жана
тартиби Мүчөлүк жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат», деп көрсөтүү
сунушталат. Ошентип, Сиздин уюмуңуздун бүткүл ишмердүүлүгүндө жалпы
чогулуштун чечими менен Сиз Мүчөлүк жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү
киргизүү менен мүчөлүк акыларды төлөөнүн шарттарын, тартибин жана
өлчөмүн жөнгө сала аласыз. Эгерде мүчөлүк жөнүндө бардык шарттар, анын
ичинде мүчөлүк төгүмдөр да Уставда каралган болсо, анда Уставга ар бир
өзгөртүү киргизген сайын кайра каттоо жол-жобосунан өтүп турууга
милдеттүү болосуз («Юридикалык жактарды, филиалдарды (өүлчүлүктөрдү)
мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдын 12-беренеси.
Биринчи кезекте мүчөлөрдүн өздөрүнүн жоопкерчилиги аныкталышы
керек, же уюмдун жоопкерчилиги каралышы керек. Биринчи учурда, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында мүчөлүк жөнүндө жобо каралбайт,
болгону мүчөлүктүн шарттары коммерциялык эмес уюмдун Уставында
көрсөтүлүүгө тийиш экендигине гана шилтеме берилет («Коммерциялык
эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 10-беренеси). Демек, мүчөлүк
төгүмдөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары, анын ичинде төлөнбөгөндүгү
үчүн жоопкерчилик уюмдун жергиликтүү актылары менен жөнгө салынууга
тийиш. Мунун негизинде уюмдун мүчөлүк төгүмдөрүн төлөбөгөн ар бир
мүчөсү уюмдун жергиликтүү актысында каралган өлчөмдө жоопкерчилик
тартат. Эгерде Сиздин уюмдун жергиликтүү актыларында мүчөлүк
төгүмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик каралбаса, анда бул
жоопкерчиликти жободо бекитүү сунушталат (жалпы чогулуш тарабынан
бекитилет). Бирок, жоопкерчилик жөнүндө бекитилген жобонун ченемдери
андан кийинки тартип бузууларга карата колдонулат, Сиз аларды жобо
бекитилгенге чейин мүчөлүк төгүмдү кыянаттык менен төлөбөй жүргөндөргө
карата колдоно албайсыз. Экинчи учурда, уюмдун мүчөлөрү тарабынан
мүчөлүк төгүмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн ошондой эле уюмдун өзүнүн
жоопкерчилигин караган КРнын мыйзам ченеми да жок. Мүчөлөрдүн
мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча каралган милдеттенмеси күтүлгөн
киреше катары каралат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189-
беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык киреше алынуусу күтүлүп, бирок иш
жүзүндө алынбаса, киреше болуп эсептелбейт жана жылдык жыйынды
кирешенин курамына кошулбайт.
Ооба, каралган. «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)
мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-
беренесине ылайык юридикалык жак салык органдарына жана (же)
Социалдык фонд органдарына ай сайын берилүүчү отчетторду эки жыл бою
бербей келген учурда салык органы жана (же) Социалдык фонд органы
юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга
укуктуу. Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген
тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими, каттоочу орган тарабынан
ишинин токтотулушун каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп
саналат. Бирок бул жерде юридикалык жактар салык органдарына жана
Социалдык фонд органдарына ай сайын берилүүчү отчеттор жөнүндө сөз
болуп жатат. КБ, фонддор, мекемелер (мамлекеттик жана муниципалдык
мекемелерди кошпогондо) жана ЮЖУ тарабынан жылдык кошумча
финансылык отчетту бербегендиги үчүн мажбурлап жоюу мыйзамда
каралган эмес.
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын 18-беренесине ылайык, коомдук бирикмелер жетүү үчүн
өздөрү түзүлгөн максатка ылайык келсе ишкердик ишти жүзөгө ашырууга
укуктуу. Демек, эгерде балдарга кам көрүү, көзөмөл жана аларды тарбиялоо
коомдук бирикмеңиз түзүлгөн максаттарга шайкеш келсе, анда Сиздин уюм
бала бакча уюштурууга укуктуу. Бирок, Сиздердин уюмдун Уставы Кыргыз
Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине
ылайык келиши керек. А эгер, Сиздин уюмуңуздун Уставы мыйзамдын
талаптарына ылайык келбесе, анда мектепке чейинки билим берүү
программасын ишке ашыруучу жеке менчик билим берүү мекемесин түзүү
сунушталат. Ал эми, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө»
мыйзамынын 40-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз
Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө»
мыйзамынын 15-беренесине ылайык ишмердүүлүктү баштоодон мурда
билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу зарыл (мектепке чейинки
билим берүүнү ишке ашыруу).
Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоонун тартиби
жөнүндө убактылуу жобого ылайык, билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия
алуу үчүн арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигине төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
1) лицензия алуу үчүн бекитилген формадагы арыз;
2) көчүрмөлөр:
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө
күбөлүгү;
– арызды кароо жана лицензия берүү үчүн лицензиялык жыйымдын
төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
– КРнын ББИМ менен макулдашылган юридикалык жактын уставы;
– арызда көрсөтүлгөн билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн
имараттарга/жайларга жана жабдууларга менчик укугун ырастоочу документ,
же 3 жылдан ашык мөөнөткө ижара келишими (кыймылсыз мүлктү
мамлекеттик каттоо);
– арызда көрсөтүлгөн билим берүү программаларынын бекитилген окуу
пландары;
3) төмөнкү маалыматтар:
– юридикалык жактын арызда көрсөтүлгөн билим берүү программалары
боюнча билим берүү ишинин материалдык-техникалык камсыздалышы
жөнүндө (белгиленген форма боюнча);
– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алуусу үчүн
атайын шарттардын болушу жөнүндө (белгиленген форма боюнча);
– юридикалык жактын арызда көрсөтүлгөн билим берүү программалары
боюнча билим берүү ишинин кадрлар менен камсыздалышы жөнүндө
(белгиленген форма боюнча);
– юридикалык жактын арызда көрсөтүлгөн билим берүү программалары
боюнча билим берүү ишинин окуу-методикалык жактан камсыздалышы
жөнүндө (белгиленген форма боюнча);
4) билим берүү уюмунун атынан иш алып бара турган адамга ишеним кат;
5) берилген документтердин тизмеси.
Документтер арыз ээси тарабынан кыргыз же орус тилдеринде кагаз жана
электрондук түрдө берилет. Арыз ээси берилген документтердин аныктыгы
жана мыйзамдуулугу үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Белгиленген формалар менен Кыргыз Республикасында билим берүү
ишин лицензиялоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобонун тиркемелеринен
таанышсаңыз болот ( http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/12222 )
Мүчөлүк төгүмдөр бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылоо
булактарынын бири болуп саналат. Демек, мүчөлүк төгүм бардык уставдык
максаттарга жана милдеттерге пайдаланылышы мүмкүн. Ошол эле учурда,
киреше алуу КЭУнун ишинин негизги максаты эмес экендигин жана КЭУ
кирешени уюмдун уюштуруучулары, катышуучулары жана мүчөлөрүнүн
ортосунда бөлүштүрүүгө укугу жок экенин эстен чыгарбоо зарыл. Башкача
айтканда, келип түшкөн мүчөлүк төгүмдөр уюмдун уюштуруучуларынын,
катышуучуларынын жана мүчөлөрүнүн ортосунда киреше катары
бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес. Уставдык милдеттерди ишке ашыруу
максатында иш-чараларды өткөрүү үчүн мүчөлүк төгүмдөрдү пайдаланууга
жол берилет.
КЭУлар өз иштерин Уставдын негизинде жүргүзүшөт. «Коммерциялык
эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-
беренесине ылайык Уставда КЭУлардын ишинин предмети жана максаттары
аныкталууга тийиш. Иштин предмети – бул КЭУнун негизги максатына
жетүүгө көмөктөшүүчү иштин түрлөрүнүн тизмеси. Демек, иштин түрлөрү
Уставда сөзсүз чагылдырылышы керек. Эгерде Сиз Уставда каралбаган
иштерди жүргүзүүнү кааласаңыз, анда Сиздин уюм Уставды иштин
тиешелүү түрү менен толуктоого тийиш. Ошону менен бирге, «Юридикалык
жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин талаптарына
ылайык КЭУнун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
уюмду кайра каттоо үчүн негиз болуп саналарын эстен чыгарбоо маанилүү.
Кыргызстандын мыйзамдарында КЭУнун фирмалык аталышы боюнча
өзүнчө талаптар жок. КЭУнун фирмалык аталышы боюнча юридикалык
жактарга тиешелүү жалпы эрежелер колдонулат. Кыргыз Республикасынын
Жарандык кодексинин 1103-беренесине ылайык фирмалык аталыш – аны
менен ал өз ишин жүзөгө ашырган жана ал башка юридикалык жактан
айырмаланып турган юридикалык жактын толук аталышы. Юридикалык
жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу-укуктук таризин жана иштин
түрүн билдирген юридикалык жактын аталышын камтууга тийиш. КЭУ бир
толук жана бир кыскартылган аталышка ээ болууга укуктуу. Фирмалык
аталыш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде
болушу керек, тиешелүүлүгүнө жараша кыргыз жана орус алфавиттеринин
тамгаларын, ал эми англис тилинде – латын алфавитинин тамгаларын гана
камтууга тийиш.
Юридикалык жактын фирмалык аталышы төмөнкүлөрдү камтылышы
мүмкүн эмес:
1) катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын
(өкүлчүлүктүн) окшош толук же кыскартылган аталыштары;
2) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний
ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же
башка абалы боюнча басмырлоочу элементтер, ошондой эле одоно жана уят
сөздөр.
Фирмалык аталышка Кыргыз Республикасынын расмий толук же
кыскартылган аталышын, ошондой эле «Улуттук» жана «Манас» деген
сөздөрдү алардын кайсы айкалышында болбосун киргизүүгө Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте
жол берилет.
Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды
(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 18-
беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык юридикалык дарегин өзгөртүү жөнүндө
чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде
каттоочу органга маалымдоого милдеттүү (Юстиция министрлигин/анын
аймактык бөлүмдөрүн). Кабардама менен бирге КЭУнун юридикалык
дарегин өзгөртүү жөнүндө чечимди көрсөтүү зарыл. Кыргыз
Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)
мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 5-бөлүгүнө
ылайык, каттоочу орган кабардаманы алып, мамлекеттик реестрге тиешелүү
маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө салык, статистика жана
Социалдык фонд органдарына кабарлайт.
Эгерде Сиз юридикалык дарегиңизди бир областтын чегинде өзгөртсөңүз,
анда кайра каттоо талап кылынбайт. Болбосо, Кыргыз Республикасынын
“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик
каттоо жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык
юридикалык жактын жайгашкан жерин бир областтан экинчи областка же
областтан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче которгондо кайра
каттоо жол-жобосун өтүү керек болот.
КЭУну башкаруу уюмдун түзүмдүк бөлүмү болуп саналган анын
органдары аркылуу жүзөгө ашырылат. КЭУда төмөнкүдөй органдар түзүлөт:
1. жогорку башкаруу органы (уюштуруучулардын/катышуучулардын/
мүчөлөрдүн жалпы чогулушу);
2. аткаруу органы (башкармалык, төрага/директор);
3. жана башка органдар (байкоочу кеңеш, текшерүү комиссиясы ж.б.).
КЭУнун жогорку башкаруу органынын негизги функциясы уюм түзүлгөн
максаттарга жетүүнү камсыз кылуу болуп саналат. Бул КЭУлардын ишине
тиешелүү бардык маселелерди чечүүгө ыйгарым укук берилген, анын
ичинде аткаруу бийлигине же башка органдарга ыйгарым укуктарын
өкүлдөөчү орган. Көбүнчө жогорку башкаруу органынын компетенциясы
уюмдун уставы менен аныкталат. Бирок, мындан тышкары, мисалга
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын 20-беренесине ылайык, төмөнкү маселелер мүчөлөрдүн жалпы
чогулушунун коомдук бирикмесинин жогорку органынын гана
компетенциясын түзөт:
– уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
– коомдук бирикменин ишинин артыкчылыктуу багыттарын, анын мүлкүн
пайдалануунун тартибин аныктоо;
– коомдук бирикмеге мүчөлүккө кабыл алуу жана мүчөлүктөн чыгаруу
(эгерде уставда башкасы белгиленбесе);
– башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби;
– иш жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
– филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим;
– башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
– кайра уюштуруу жана жоюу;
– уставда коомдук бирикменин башка органдарынын компетенциясына
киргенден башка маселелер.
КЭУнун аткаруу органы КЭУнун ишин жетектейт жана жогорку
башкаруу органына отчет берет. КЭУнун аткаруу органынын мүчөлөрү,
эреже катары, жалданма жумушчулар болуп саналат, ошондуктан аларга
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын күчү жайылтылат. Аткаруу
бийлигинин органдары коллегиалдуу жана/же жеке болушу мүмкүн, алардын
компетенциялары КЭУнун уюштуруу документтеринде аныкталат. Ошол эле
учурда, уюмдун максаттарына жетүү үчүн аткаруу бийлик органдарынын
ыйгарым укуктарынын көлөмүн так аныктоо маанилүү, анткени алар устав
тарабынан аларга берилген ыйгарым укуктарды гана жүзөгө ашырууга
укуктуу.
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын 10-беренесине ылайык КЭУнун Уставында төмөнкүлөр
аныкталышы керек:
– уюмдун аталышы жана кыскартылган аталышы, юридикалык дареги;
– ишинин предмети жана максаттары, ишти башкаруунун тартиби;
– башкаруу жана көзөмөлдөө органдары, текшерүү органдары, алардын
компетенциясы, шайлоонун, чакыртып алуунун тартиби, ошондой эле
кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
– укуктары жана милдеттери, уюмга мүчөлүккө кабыл алуунун жана андан
чыгуунун тартиби; (мүчөлүк уюмдар үчүн);
– уюмдун уюштуруу документерине өзгөртүүлөр киргизүүнүн тартиби,
кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби;
– алар жоюлган учурда мүлктү бөлүштүрүүнүн тартиби;
– фонддор менен мекемелер үчүн – уюмдан жардам алуучу адамдардын
чөйрөсү чектелбеген учурларды албаганда, уюмдан жардам алуучу
адамдардын чөйрөсү;
– герде мындай каралса, уюмдун ишинин мөөнөтү аныкталууга тийиш.
Устав ушул мыйзамга каршы келбеген башка жоболорду да камтышы
мүмкүн. Эгерде уставдын жобосу ушул мыйзамдын жоболоруна каршы
келсе, анда мыйзамдын жоболору колдонулат. Уюмдун уставына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын жогорку башкаруу органынын чечими
менен киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96-беренеси
юридикалык жактарды, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдарды
жоюунун жалпы тартибин аныктайт. Юридикалык жактарды жоюу эки түргө
бөлүнөт:
1. ыктыярдуу (уюмдун чечими боюнча):
– уюмдун мындан аркы иштешинин максатка ылайыксыздыгы;
– ал түзүлгөн мөөнөттүн аякташы;
– уюмдун уставдык максаттарына жеткенде же жетүү принципиалдуу
түрдө мүмкүн болбогондо.
2. мажбурлап (соттун чечими боюнча):
– талаптагыдай уруксатсыз (лицензиясыз) иш жүргүзүү;
– мыйзам тарабынан тыюу салынган иштерди жүргүзүү;
– мыйзамды башка кайталап же одоно бузуу менен иш жүргүзүү;
– уставдык максаттарга карама-каршы келген иштерди системалуу түрдө
жүзөгө ашыруу.
Жоюу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин кредиторлорду
аныктоо жана дебитордук карыздарды алуу ишин жүргүзүү үчүн жоюу
комиссиясы түзүлөт. Жоюу мезгилинде мүлктү тескөө боюнча бардык
бүтүмдөр жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана жасалууга тийиш.
Жоюу комиссиясы жоюу жөнүндө, уюмдун кредиторлорунун талаптарын
коюунун тартиби жана мөөнөтү жөнүндө билдирүүнү мамлекеттик басма
сөзгө жарыялоого милдеттүү. Мында кредиторлор тарабынан талаптарды
коюу мөөнөтү жарыяланган күндөн тартып эки айдан кем болбошу керек.
Мөөнөт аяктагандан кийин убактылуу баланс түзүлөт, анда жоюлуп жаткан
уюмдун мүлкүнүн курамы, кредиторлордун талаптары жана аларды кароонун
натыйжалары көрсөтүлөт. Жоюлуп жаткан уюмдун кредиторлорунун
талаптары боюнча төлөмдөр кезектүүлүк боюнча, мыйзамдарга жана
бекитилген (жоюу жөнүндө чечим кабыл алган жак тарабынан) аралык
баланска ылайык жүргүзүлөт. Андан кийин жоюу комиссиясы уюмду
жоюунун жыйынтыгын чыгаруу менен акыркы жоюу балансын түзөт жана
кредиторлор менен эсептешүүнү аяктайт. Юридикалык жактардын,
филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишин токтотуу жөнүндө мамлекеттик
каттоодон өткөн учурдан тартып уюмду жоюу аяктады, ал эми уюм өз ишин
токтотту деп эсептелет.
Эки учурда:
1. КНС боюнча ыктыярдуу каттоо менен.
2. Бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуунун
системасы боюнча салык салынуучу жеткирип берүүлөрдү жүргүзүүдө жана
салыктарды төлөөдө акыркы 12 ай катары менен жеткирип берүүнүн көлөмү
30 000 000 сомдон ашса (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 255-
беренеси). Жеткирип берүү дегенде, КЭУ тарабынан белгилүү бир акы үчүн
жүзөгө ашырылуучу товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана
кызматтарды көрсөтүү түшүнүлөт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине ылайык
коммерциялык эмес уюмдар жүзөгө ашыруучу жеткирип берүүлөрү КНС
бошотулган жеткирип берүүлөр болуп саналат, эгерде булар:
1) эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн,
балдар үйлөрүнүн жана карылар үйлөрүнүн дарегине, социалдык жактан
камсыз кылуу жана коргоо үчүн болсо;
2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт тармагындагы
жеткирип берүүлөр болсо.
Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды
(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине
ылайык КЭУ төмөндөгүдөй учурларда кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө
тийиш:
– өзгөртүп түзүү, бөлүнүп чыгуу, биригүү формасындагы кайра түзүүдө;
– аталышын өзгөргөндө;
– уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
же болбосо уюштуруу документтерин жаңы редакцияда бекитүү;
– уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамы өзгөргөндө;
– жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш
болгон юридикалык жактардан тышкары, юридикалык жактын жайгашкан
жери өзгөргөндө (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек
(Ош) шаарына жана тескерисинче);
– юридикалык жактын органы же сот тарабынан аны кайра каттоо
жөнүндө чечим кабыл алынганда.
КЭУну кайра каттоо үчүн зарыл болгон документтер:
– белгиленген формадагы каттоо арызы;
– мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечим (жыйындын протоколу);
– мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы;
– уюштуруу документтеринин түп нускалары;
– уюштуруу документтери 2 нускада жаңы редакцияда, же өзгөртүүлөр
жана толуктоолор менен;
– өткөрүп берүү актысы (кайра уюштурууда);
– паспорттордун көчүрмөлөрү тиркелген уюштуруучулардын тизмеси.
Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик кайра каттоонун мөөнөтү 10
календардык күндү түзөт.
«Жарандык мейкиндикти коомдук көзөмөлдөө» интерактивдүү картасы сайттын колдонуучулары тарабынан бизге жөнөтүлгөн маалыматка негизделген. Биз маалымат алгандан кийин аныктыгын текшерип, коомчулукка ачык кылабыз. Бул картада сөз эркиндиги, биригүү эркиндиги жана тынч жыйындарды өткөрүү укугу бузулган учурлар көрсөтүлгөн. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн окуя болгон аймакты бассаңыз, толук маалымат аласыз.