Кибер коопсуздук боюнча колдонмо

Баарыбыз күнүмдүк жашообузда, баарлашууда, көңүл ачууда, окууда, иште маалыматтык технологияларды колдонобуз... Бирок, көп учурда биз дүйнө менен кандай маалыматтар менен бөлүшөбүз, кимге билдирүү жиберебиз, биз даректеген адамдан башка бул маалыматтарды ким жана кандай максаттарда пайдалана аларына көңүл бурбайбыз.  Бул колдонмо түзмөктөрүңүздү, тиркемелерди жана учеттук жазууларды эл аралык коопсуздук жана купуялык стандарттарына ылайык жөндөөгө жардам берет.

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Cyber Security Manual мобилдик тиркемеси

 

 

Мобилдик тиркеме, колдонмо сыяктуу эле түзмөктөрүңүздү, тиркемелерди жана учеттук жазууларды кадамдап жөндөөгө жардам берет. Колдонмодон айырмаланып, бул жерде комментарий жазуу жана баарлашуу мүмкүнчүлүгү бар.

QR кодду сканерлеңиз

же шилтеме боюнча өтүңүз

Орнотуу үчүн оң жактагы нускаманы колдонуңуз.

Тиркеме каалаган түзмөктө ар кандай браузерде, анын ичинде компьютерлерде да ачылат. А эгерде аны мобилдик браузерде ачсаңыз, тиркемени телефонго орнотуу мүмкүнчүлүгү бар.